Пятница, 10 мая

Түркиядагы зилзала. 9 күндөн кийин аял менен бала куткарылды

0

Түркияда жер титирөөдөн кийин дээрлик 9 күн өткөндөн соң урандылардын астынан 77 жаштагы аял менен 12 жаштагы бала куткарылды. Бул тууралуу жергиликтүү мааалымат каражаттары жазды.

Адыйаман облусунда урандылардын астынан 212 сааттан кийин 77 жаштагы аял чыгарылды. Ал Фатма Гүнгер аттуу аял болгон. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Урандылардын жанына чогулган аялдын жакындары куткаруучуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.

Ушул эле облуста куткаруучулардын тобу жер титирөөдөн 207 саат өткөндөн кийин 12 жаштагы баланы тирүү куткарып калууга жетишти.

Жабыркаган бала да дароо ооруканага жаткырылган. Учурда баланын атасын жана бир туугандарын куткаруу иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз