Пятница, 10 мая

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган 41 миңден ашуун имарат бузулат

0

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган 10 облустагы 41 миң 791 имарат калыбына келтирилбей бузулат. Бул тууралуу Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министри Мурат Курумдун маалыматына таянып, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

“Түркиянын үй-бүлө иштери жана социалдык кызматтар министри Дерья Яныктын берген маалыматына ылайык, жер титирөөлөрдүн натыйжасында учурда 993 бала ата-энесиз калган, алар балдар үйлөрүндө. 369 баланын ата-энеси аныкталып, балдар аларга өткөрүп берилди”, — деди элчи.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз