Вторник, 21 мая

Курулуш компаниялары үй курбай туруп акча чогулта албайт

0

Кыргызстанда көп кабаттуу үй курган компанияларга котлован казуу этабында кардарлардан акча чогултууга тыюу салынат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында жүзөгө ашырылат.

«Курулуш компаниялары үйлөрдү өзүнүн акчасына же кредиттик ресурстардын эсебинен салышы керек. Кардарлар менен курулуш компанияларынын ортосунда банк кепил болуп бериши шарт. Эл ушул банкка депозит катары акчасын салат, андан соң алар фирмаларды төмөн пайыз менен каржылайт», — деди Жапаров.

Өкмөт башчынын айтымында, курулуш компанияларынын 30 пайызы ач көздүк кылып бир үйдү бүтүрүүнүн ордуна эки-үч котлованды казып, ал жактан да акча чогултуп баштайт. Эми мындай мехнизмдерге өкмөттүк деңгээлде тыюу салынмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз