Воскресенье, 12 мая

Түркияда бир түндө 6 млрд доллар жардам чогултулду

0

Түркиянын бир катар ири медиалары, “Кызыл Жарым ай коому” жана “AFAD” Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы өлкөдөгү жер титирөө, апаатка моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү максатында түрк дүйнөсүнүн теле радиокомпаниялары менен биргеликте  “Түркия бир жүрөк” аттуу медиа марафон өткөрдү.

“Түркия бир жүрөк” медиа марафону өлкөдөгү Kanal D, TRT1, ATV, FOX, Kanal 7, Show TV, Star TV жана TV8 каналдары аркылуу эфирге чыгарылып, 213 жергиликтүү, 652 эл аралык теле радиокомпаниялар программаны өз платформаларынан түз көрсөтүп турду. Медиа марафонго Кыргызстандан УТРК, Бешинчи канал, Жетинчи канал, СТВ, ЭлТР, АЗИЯ ТВ, ГОВОРИ ТВ жана башкалары катышып, платформаларынан түз чагылдырды.

Маалыматтык компанияны Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган телефон аркылуу өзү ачып, көптүн башына келген кайгы, апаатты көпчүлүк менен биримдикте жеңе тургандыгын билдирди.

“Министрлер кабинети жалпысынан 136 миллион 589 лира жардам чогултту. AFAD эсебине түшкөн ар бир тыйын жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн иштетилет. Кайрымдуулук марафонуна Түркиядан жана чет өлкөдөн миллиондогон адамдар өз салымдарын кошуп жатышат” – деди президент Режеп Таййип Эрдоган.

“Түркия бир жүрөк” биргелешкен медиа марафонуна Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш да видео кайрылуу жолдоп, “Биз сиздер мененбиз, Түркия” деген жылуу сөздөрүн билдирди.

“Бириккен Улуттар Уюму сиздер мененбиз, жаныңардабыз. Сиздерге жардам берүү үчүн болгон күч аракеттерибизди жумшап жатабыз. Кыйраган үйлөр, ыйлап, сыздаган адамдар мага тааныштай сезилип жатат. Качкындар боюнча Жогорку комиссар болуп иштеп турганымда зилзала болгон бул жерлерге өтө көп бардым. Таанышкан инсандардын жылуу жүзү, мээрими, жоомарттыгын эч качан унутпайм. Түркия муктаждарга жардам, башпаанексиз калгандарга болсо эң көп үй берген мамлекет. Сирияга көрсөткөн жоомарттыгыңыздарды мисалга алып айтып жатам. Эми дүйнөнү сиздерге, Түркияга колдоо көрсөткүлө деп чакырам. Биз сиздер мененбиз Түркия» – деп сөзүн жыйынтыктады БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Марафонго миллиондогон адамдар катышып, ишкерлер, карапайым калк, жаш балдарга чейин акыркы акчаларын атайын эсепке жан талаша которуп жатты. Маалыматтык марафон Шейшемби күнү Түркия убактысы менен саат 20:00дө башталып, түнкү саат 02:00дө жыйынтыкталуусу пландалган болчу. Бирок катышуучулардын талабы менен бир топ убакытка кайра узартылды. Түз эфирдин жүрүшүндө марафонго миңдеген адам катышып, телефон менен байланышка чыккандардан адамдардан 115 млрд.  146 млн. 528 миң ТЛ (болжолдуу түрдө 6 миллиард доллар) акча чогулду. Ал эми 9 миллиондон ашык SMS келип, атайын эсепке дагы миллиондогон лиралар которулду.

Кайрымдуулук марафонунан чогулган акчалар, зилзала болгон аймакты бир жыл ичинде калыбына келтирүү үчүн жумшалат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз