Воскресенье, 28 апреля

Түрк өкмөтү: Жалган маалыматтар куткаруу иштерине тоскоол болууда

0

Түркиянын президенттик аппаратынын байланыш башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун жер титирөөдөн кийинки жүргүзүлгөн куткаруу иштерине социалдык тармактар аркылуу таратылган жалган маалыматтар чоң тоскоолдук жаратып жатканын айтты.

Фахреттин Алтун Түркиядагы жер титирөөнүн аябагандай чоң кыйроого себеп болгонун, мындай татаал мезгилде туура эмес маалыматтардын таратылышы да адамдардын коопсуздугуна коркунуч алып келгенине күбө болуп жатышканын баса белгиледи.

Президенттик аппараттын байланыш башкармалыгынын жетекчиси социалдык түйүндөр жана санариптик платформалар аркылуу таратылган такталбаган маалыматтар зилзаладан жабыркагандарды куткаруу жумуштарына зыянын тийгизгенин айтты.

“Мисалы, кечээ Хатай аймагындагы суу сактагыч жарылды, шаарды суу каптайт деген жалган маалыматтын айынан жарандарыбыз шаардан качып чыгууга аракет жасап, куткаруу иштери убактылуу токтоп калганы өкүнүчтүү” – деди Алтун.

Фахреттин Алтун, такталбаган маалымат таратып куткаруу иштерине тоскоол болуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган маалыматтарды тараткан кишилерге жана уюмдарга карата чаралар көрүлөөрүн эске салды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз