Суббота, 11 мая

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды

0

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жашаган аялды кызы жана баласы менен өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Октябрь райондук милициясынын тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүп, энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген сөөктөрү табышкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына катталды.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук медициналык экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралар жүрүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз