Пятница, 22 ноября

Алтун: Мусулман өлкөлөрдүн колдоосу бизге өзгөчө күч-кубат берет

0

Түркиянын президенттик аппаратынын байланыш башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун Ислам кызматташтык уюмунун маалыматтык саясат боюнча жетекчилерине кайрылып кат жолдоду. Катта Түркияда болгон чоң жер титирөө жана зилзала болгон учурдан тарта коомчулукту маалымат менен камсыздоо иш-чаралары тууралуу айтылды.

Фахреттин Алтун Түркиядагы жер титирөөнүн аябагандай чоң кыйроого себеп болгонун жана түрк эли оор сыноону башынан өткөрүп жатканын баса белгилеп, куткаруу иштери акыркы жаран урандылардан чыгарылганга чейин улантылаарын айтты. 7,7 балл болгон алгачкы жер титрөөдөн 9 сааттан кийин күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер титирөөнүнүн натыйжасында чоң кыйроолор болгонун эске салган Фахреттин Алтун, 113 миң адам издөө жана куткаруу иштерине катышып жатканын маалымдады.

Түркиянын президенттик аппаратынын байланыш башкармалыгынын жетекчиси дүйнөдөгү 94 мамлекет жардам берүүнү сунуштаганын, куткаруу жана жардам чогултуу иштерине Ислам кызматташтык уюмуна мүчө бардык өлкөлөрдүн да активдүү катышып жатканын баса белгиледи. Алтун  “Мусулман өлкөлөрдүн колдоосу биз үчүн баалуу жана бизге өзгөчө дем, күч-кубат берет” – деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз