Понедельник, 20 мая

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайта баштады

0

Түркиянын Кахраманмараш шаарында 6-февралда болгон жана «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн, 11 облусту таасири астына алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин аймактагы издөө-куткаруу иштерине катышкан чет элдик топтор өз өлкөлөрүнө кайтышууда.

Кырсык болгон аймактагы ишин аяктаган 24 адамдан турган Кыргызстандан барган издөө-куткаруу тобу Стамбул аэропортунан учту.

Топтогу майор Руслан Токтомамбетов : «Бул ушул күнгө чейинки эң чоң апаат болду. Абдан кайгырдык. Бир эл, бир тектенбиз. Каныбыз, мекенибиз, динибиз бир. Түрк боордошторубуздун мындай абалда болушунан кайгылануудабыз»,- деди.

Кыргызстандын издөө-куткаруу тобуна ыраазычылык билдирилген Ардак грамотасы берилди.

Куткаруу тобу сүрөткө түшкөндөн кийин түрк аба жолдоруна таандык учак менен өлкөгө кайтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз