Кыргыз Экспресс Почтасы «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы» аталышындагы почта маркасын чыгарды.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Бул марка өзүнүн 184 мм узундугу менен дүйнөдөгү эң узун почта маркасы болгондугу менен оригиналдуу.
«Почталык миниатюрада Чаар-Таш кырка тоосу, Тогуз-Торо капчыгайы жана Казарман айылы тартылган. Ал эми миниатюралык барактын талонунда Беш-Таш капчыгайы, ошол эле аталыштагы көл, Туюк-Төр кырка тоосу жана Итагар ашуусу чагылдырылган», — деп айтылат маалыматта.
Оригиналдуу чыгарылыштын авторлору болуп дизайнер — Дарья Майер жана фотограф — Владислав Ушаков саналат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдундемилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялаган.
Тиешелүү резолюция БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында бир добуштан кабыл алынып, КЭП почта маркаларынын жаңы саны да ушул маанилүү окуяга арналган.