Пятница, 3 мая

Түркиядагы зилзала: Каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти

0

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 миң 672 адамга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралга карата Түркияда жер титирөөдөн 108 миң 68 адам жабыркады.

“Өткөн түнү Элазыг провинциясында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду. AFAD билдиргендей, жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз