Понедельник, 6 мая

Россиянын ЖОЖдоруна документ тапшыруу мөөнөтү узартылды

0

Россиянын жогорку окуу жайларына окууга документтерди тапшыруу мөөнөтү берилген квотанын алкагында 2023-жылдын 20-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектеги “Русский дом” борборунан билдирди.

Россиянын жогорку окуу жайларынан билим алууну каалагандар сайтка education-in-russia.com катталып, окуу багытын жана адистикти тандап, керектүү документтерди жүктөшү керек.

Кыргызстандыктар окууга тапшыруу тууралуу кененирээк маалыматты Бишкектеги “Русский дом” борборунун сайтынан ала алышат.

Ошондой эле +996(312) 30-05-43 номери аркылуу же abiturient@kgz.rs.gov.ru. электрондук почтасы аркылуу байланышууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз