Суббота, 4 мая

Бишкек-Ош жолунда абал кандай?

0

Бишкек — Ош жолунун Чычкан капчыгайында (231-чакырым) түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 180 миң метр кубга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ал эми жолду жаап калган бөлүгүндөгү кар 14,4 миң метр кубду түзгөн.

Жеринде жети техника, 13 куткаруучу, милиция жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Жол ачыла элек. Токтогул районундагы “Арал” постунда 400дөй, “Сосновкада” 140 машина турат. Автоунаалардын бардык түрүнө өтүүгө чектөө киргизилген.

ӨКМ жана жергиликтүү бийлик тарабынан жылынуучу жана тамак-аш берүү жайлары уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз