Воскресенье, 12 мая

Тажикстанда катуу жер титирөө болду

0

Бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз