Воскресенье, 28 апреля

Түркияда кайрымдуулук уюмдары да зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүдө

0

Түркияда болгон жер титирөөдөн кийин зиллзаладан жабыр тарткандарга кайрымдуулук уюмдары да көмөк көрсөтүүдө. Зилзала болгон аймактагы кайрымдуулук уюмдары менен катар Түркиянын башка аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн фонддор да жер титирөөдөн жабыркаган 14 миллион элге жардам беришти.

Алардын катарында Садакаташы фону жер титирөө болгон аймакка 5 издөө куткаруу тобун жиберди. Кыска убакыттын ичинде гумантиардык жардам чогултууга үлгүргөн бул кайрымдуулук уюму, зилзаланын зыяны тийген аймакка 65 фура менен кышкы кийим-кече, тамак-аш, печка, жууркан-төшөк жана гигиеналык каражаттарды жиберди. Фонддун кызматкерле ал аймактагы элге ысык тамак берди. Антакия районунда 1200 чатыр тигип элди жайгаштырды.

Садакаташы фондунун мындай кайрымдуулук иши чет өлкөлөрдөн да колдоо тапты. Бангладеш, Палестина, Панама, Ливан, Австрия, Германия, Кувейт, Бельгия, Венгрия, Болгария, Испания сыяктуу өлкөлөрдөн кайрымдуулук катары каражаттар жөнөтүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз