Суббота, 18 мая

Жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдады

0

8-марттан тарта жол эрежесин бузган айдоочуларга катаал жаза колдонула баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Максаты — жол кырсыктарынын санын азайтуу.

▪️Документсиз унаа айдаса — мурда 5500 сом, эми 15000 сом

▪️Светофордун кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө — мурда 3000 сом, эми 5000 сом

▪️Ылдамдык 40-60 км/сааттан ашса — мурда 5500 сом, эми 7500 сом 

▪️Ылдамдык 60 км/сааттан ашса — мурда 7500 сом, эми 15 000 сом болот

▪️Каршы тилкеге чыгса — мурда 5500 сом,  эми 15 000 сом 

▪️Унаа бейбаштыгы — мурда 15 000 сом, азыр жарымы. Кайталап бузуулар болсо 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу

▪️ унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса, 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу

▪️Жыл ичинде 3 же андан көп жол эрежесин бузса, кайрадан экзамен тапшырат

▪️Мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса, унаа айып короого токтотулат

▪️Жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузуу 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз