Пятница, 10 мая

Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 332 турак жай колдонууга берилди

0

Былтыр сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен жабыркаган Баткен облусундагы үйлөрдүн курулуш аяктаган 332 үй колдонууга берилди.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысыДайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Орунбековдун айтымында, калган 86 үйдүн толук курулушу мартта аяктайт.

Белгилей кетсек, Тажикстандын 2022-жылдын сентябрь айында кол салуусунда 422 үй бузулган. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз