Пятница, 3 мая

Колунда бар зыяратчыларга VIP-пакет сунушталат

0

Ажылыкка барууну каалаган жарандарга кызматтардын VIP-пакетин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.

Муфтияттын маалыматына ылайык, ажылык сапарга баруу үчүн банкка 1 миң АКШ долларын төлөп, электрондук кезекке турган, ыңгайлуу шарты бар ”Ажылык пакет” алууну каалаган жарандар 28-февралга чейин «РСК» Банкына кайрылып, 5 миң АКШ долларын төлөшү керек.

Байланыш үчүн телефондор: 0778 4861670 (312) 486167

Эскерте кетсек, Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүнгөн.

Учурда ажылык сапардын баасы канча болору белгисиз, былтыр сапардын баасы 4,5 миң АКШ долларын түзгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз