Воскресенье, 28 апреля

Бишкекте тамекиге каршы жүрүш өттү

0

Бүгүн, 2023-жылы 6-мартта «Кыргызстан жаштары» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү «Жаштар чылым чегүүгө каршы» чакырыгы астында жүрүш уюштурушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук бикменин активисти Акылбек коомчулукка кайрылуу жасап, анда ал тамеки продукциясына болгон салык канчалык азайган сайын, тамекинин баасы арзандап, мектеп окуучуларына жеткиликтүү болуп жатканын айтты. Ошондой эле ал келечек ден соолугу чың жаштардын колунда экенин баса белгилеп, өсүп келе жаткан жаш муунду чылымга азгырылбоого чакырды.

Жүрүштүн дагы бир катышуучусу бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар тамеки индустриясынын курмандыгы болуп жатканын айтып, эл өкүлдөрүнө тамеки продукциясына болгон акцизди көтөрүү демилгесин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, тамекиден каза болгондордун 40%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана кургак учук сыяктуу өпкө ооруларынан келип чыгат. ДССУ өлкөлөрдү жана өнөктөштөрүн адамдарды тамекинин таасиринен коргоо чараларын күчөтүүгө чакырып келет.

«Тамеки жыл сайын кеминде 8 млн адамдын өмүрүн алат. Дагы миллиондогон адамдар тамекинин айынан өпкө рагы, кургак учук, астма же өпкөнүн өнөкөт ооруларына кабылышат. Дени сак өпкө — дени сак жашоонун ачкычы. Каалаган күнү сиз тамекиге «жок» деп айтып, өзүңүздүн, досторуңуздун жана үй-бүлөңүздүн өпкөсүн коргой аласыз», — деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору, доктор Тедрос Адханом Гебрейесус.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз