Воскресенье, 24 ноября

Кайсыл жол эрежелери боюнча айып пул көбөйүүдө? (Видео)

0

Жол кыймылынын эрежесин одоно бузууда салынган айыппул кандай өзгөрдү:

Жол эрежесин одоно бузгандар үчүн айып пулдар кандай өзгөрдү:
— Унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо үчүн айып пул мурда 5 500 сом болсо, эми 15 000 сомду түздү;
— Жол чырагынын кызыл белгисинен өткөн учурда же тротуар менен жүрүүдөгү үчүн айыппул мурда 3000 сом болсо, эми 5000 сомду түздү;
— Ылдамдыкты 40-60 километр сааттан ашырган учурдагы айып пул мурда 5 500 сом болсо, эми ал 7 500 сомду түздү;
— 60 км/сааттан ашырган учурдагы айып пул мурда 7 500 сомду түзсө, эми 15 000 сомду түздү;
— Каршы тилкеге чыгууда мурдагы айыппул 5 500 сом болсо, эми 15 000 сомду түздү;.
— Автобейбаштык кылгандар үчүн мурдагы айыппул 7 500 сомду түзсө, эми 15 000 сомду түздү, ал эми экинчи ирет мыйзам бузуу учурунда 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган;
— Унааны жалган номер менен башкарууда мурдагы айып пул 15 000 сомду түзсө, эми ал 20 000 сомду түздү, ал эми кинчи ирет мыйзам бузуу болгон учурда бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу каралган.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жол кырсыктарынын негизги себептеринин бири — ылдамдыкты чектен ашыра айдоо экенин билдирет. Тилекке каршы, мыйзам бузуунун бул түрү Кыргызстанда көп кездешет. Көптөгөн айдоочулар муну оор кылмыш деп эсептешпейт, бул акыры кайгылуу кесепеттерге алып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз