Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга расмий сапар менен барды.
Бүгүн 6-майда, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркияга расмий сапары башталды.
Сапардын алкагында министр Ч.Айдарбеков, Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташуусун өнүктүрүү боюнча маселелерди карап чыгышты.
Айдарбековдун Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен да жолугушуу өткөрөөрү күтүлүүдө.