Түндүн Македониядагы президенттик шайлоодо Стево Пендаровскийдин жеңгени билдирилди.
Түндүк Македониядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда Македония социал демократтар биримдиги партиясынын талапкери Стево Пендаровскийдин жеңгени билдирилди.
Түндүк Македония жарандарынын этникалык жана саясий көз караштарына карабастан бириккендигин баса белгилеген Пендаровский, «Мага өлкө президенти болуум үчүн добуш берген бардык мекендештериме, Македон, Албан, Түрк, Роман, Бошнак жана башка улутка ээ мекендештериме ыраазычылыгымды билдирем. Бүт баарынын президенти болом», — деп билдирди.
Өлкөнүн премер-министири Зоран Заев ийгиликтүү демократиялык шайлоону өткөргөндүгүн баса белгилеп, европалык президент шайланганын билдирди.
Шайлоонун жыйынтыгы жарандардын жеңиши болгонун айткан Заев, «Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыктары дагы да чоңойгондугубуздун, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алганыбыздын жана алдыга жылып өнүгүүгө татыктуу экендигибиздин далили. Биздин жерибиз НАТО жана Европа Биримдигинде», — деп айтты.
Өлкөдө шайлоого калктын 46,70% катышты. Пендаровский 51,66% добуш менен жеңишке жетти.
Өлкө мыйзамы боюнча шайлоонун экинчи турунда калтын 40% катышкан шайлоо жарактуу болуп эсептелет.
Эски аты Македония болгон Түндүк Македонияда 1991-жылы 8-сентябрда эски Югослаиядан бөлүнүп чыгып, көз карандысыздыгын жарыя кылган күндөн бери алтынчы жолу беш жылдык мөөнөткө президент шайланды.