Понедельник, 20 мая

Бишкек – Кашгар багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады

0

Бишкек – Кашгар (КЭР Синьцзян – Уйгур автономиялуу району) багыты боюнча 8-марттан тартып көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, автобустар саат 16:00дө Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалынан жолго чыгат.

Билет баасы — 7 миң 431 сом (85$).

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз