Пятница, 17 мая

Мектеп окуучулары жазгы каникулга качан чыгаары белгилүү болду

0

Кыргызстанда мектеп окуучулары 22-марттан баштап каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Жазгы эс алуу 22-мартта башталганы менен окуучулар ага чейин эле тарайт.

«Өлкө боюнча 20-21-март эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 20-марттан баштап 26-мартка чейин эс алышат», — дешти министрликтен.

Мектептер IV чейректи 27-мартта башташат.

Белгилей кетсек, 20-марттагы (дүйшөмбү) иш күн 29-апрелге (ишемби) жылдырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз