Түндүк Кореянын өлкө башчысы Ким Чен Ын Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптап, Венесуэла президенти Николас Мадурону колдоорун айтты.
Венесуэланын президенти Николас Мадурону колдогон өлкөлөргө Түндүк Корея да кошулду. Ким Чен Ын өлкөдө болгон төңкөрүш аракеттерин айыптоо менен Мадуро мыйзамдуу түрдө шайланганын эскертти. Өлкөдө татаал абал туулса жана АКШ аскердик кийгилишүү жасаса туура эмес акакет экенин айтып эскертти.
Мындай билдирүү Түндүк Кореянын тышкы иштер министирлигинен аты аталбаган бир өкүл тарабынан расмий KCNA агентигине берилди.
Расмий билдирүүдө: “Венесуэлада туруксуздукту, кокунучту зомбулукту алып келе турган жагдай пайда болду. Бул жагдай өлкөнүн башка аймактарында да туруксуздукту алып келет”, — деп айтылды. Пхеньян режими расмий билдирүүсүндө АКШны аскердик коркутуу жасады деп айыптады.