Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин билдирүүсү боюнча, бүгүн 7-май күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42 көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 1998-жылы туулган М.А. аттуу кыз өз өмүрүн кыюуга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына келип түшкөн.
ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жаш кызды үйдүн 5-кабатынан 4-кабатына түшүрүп анын өмүрүн сактап калышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда кыздын абалы канаатандыраарлык.