Пятница, 19 апреля

Активист Жапаровдон кечирим сурап, айланасындагыларды күнөөлөдү (Видео)

0

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Орозо айында Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандарга ырайым кылууну өтүндү.

Анын айтымында, Орозо айы кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн, соопчулук табуунун айы болуп саналат.

“Камалып кеткен жарандардын туугандарына белек кылып, айкөлдүгүңөрдү көрсөтүп, аларды бошотуп коесуз деп үмүттөнөбүз.  Түрмөдө жаткан Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү душман эмес. Сиз дагы түрмөнү көргөнсүз. Камалып жаткандардын эч бир күнөөсү жок. Орорзо айынын урматына аларды бошотуп коесуңар деп ишенем”, — деп билдирди Тилекмат Күрөнов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз