Пятница, 26 апреля

Пентагон Орусия менен маалыматтык согушка даярданууда

0

Пентагондун Түштүк командачылыгынын башчысы Лора Ричардсон конгресстен Орусиянын ЖМКлары менен күрөшүү үчүн кошумча каражат сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ричардсон Латын Америкада Sputnik агенттиги менен RT телеканалы алдыга озуп келе жатканын, бул АКШга болгон «ишенимге доо кетирип жатканын» айткан.

«Russia Today Espanol менен Sputnik Mundo үч миллиондон ашык катталуучу топтогон. Алардын ишмердүүлүгү демократияга жана ишенимге доо кетирет», — деген Ричардсон.

Генерал Орусия Түштүк командачылыгында «кеңири дезинформациялык кампаниясын» улантып жатканын жана аймактагы 11 өлкө менен ЖМК тармагында кызматташуу боюнча келишими бар экенин кошумчалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз