Суббота, 27 июля

Түркияда президенттике 4 талапкер ат салышат

0

Президенттик шайлоодо аттары такталган 4 талапкер боюнча апелляциялык процесс аяктады. Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже жана Эрдогандын талапкерлигине каршы чыгуулар четке кагылды. Жогорку Шайлоо Комиссиясынын талапкерлердин акыркы тизмеси да расмий гезитте жарыяланды.

Президенттик шайлоо процесси уланууда. Аты-жөнү такталган 4 талапкер боюнча даттануу мөөнөтү аяктады. Жогорку Шайлоо Комиссиясы каршы пикирлерди карап чыгуу үчүн дагы бир жолу чогулду.

Президенттикке талапкерлердин убактылуу тизмесине каршы пикирлер тууралуу Жогорку Шайлоо Комиссиясы чечим чыгарды.

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер так талапкер тизмесинде Режеп Таййип Эрдоган, Кемал Кылычдароглу, Мухаррем Инже жана Синан Огандын орун алгандыгын билдирди. Так талапкерлер тизмеси Рамий гезитте да жарыяланды.

Чечимге ылайык, талапкерлер кайрымдуулук каражаттарын чогултуу үчүн валюта эсебин ача алышат.

Жогорку шайлоо комисиясынын  президентикке талапкерлеринин жардам алышына байланыштуу чечими да Расмий гезитте орун алды.

14-майда өткөрүлө турган шайлоо үчүн үгүттөө иштери бүгүн башталат жана 2 —  апрелде тизмелер алынат.

8-апрелде альянстардын жана саясий партиялардын бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчүкулак тартылат.

9-апрелде депутаттыкка талапкерлердин тизмеси Жогорку шайлоо кеңешине берилет.

19-апрелде депутаттыкка талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз