Четверг, 25 апреля

Улуттук оорукана ангиографиялык комплекске ээ болду

0

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплексти сатып алды.

Министрликтен билдиришкендей, медициналык жабдуу Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Улуттук госпиталда ангиографиялык жабдууну орнотууга керектүү жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө орнотуу иштери аяктады.

Сатып алынган жабдуулар дарыгерлерге кан тамырларды тез жана так изилдөөгө/диагностикалоого, алардын толук сүрөтүн алууга жана ар кандай оорулардын жана кан айлануунун бузулушунун бар экендигин аныктоого мүмкүндүк берет. Ангиографиялык аппаратты хирургиялык операциялар үчүн бейтаптын денесинин ичин визуализациялоо жана навигациялоо куралы катары да колдонсо болот.

Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Талайбек Байсекеев белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин кан тамыр ооруларын аныктоо үчүн бейтаптарды жеке клиникаларга алып барууга туура келген. Эми алынган ангиографтын аркасында диагноз коюу үчүн башка клиникаларга кайрылбай, түздөн-түз Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө диагностика жана дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бүгүнкү күндө медицина кызматкерлери окутуудан өткөрүлүп, аппарат орнотулду, бирок аны тестирлөө жана акыркы комплекттөө, Монополияга каршы комитет менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын макулдашуу процесси жүрүп жатат. Алдыдагы бир ай ичинде бул аппарат бейтаптарды кабыл алуу үчүн толук пайдаланууга берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз