Пятница, 22 ноября

Бүгүндөн баштап мектептерге электрондук каттоо башталды

0

Балдарды 1-класска электрондук кезек аркылуу каттоо бүгүн, 10-апрелде башталды.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этап – жашаган жерине карабастан (26-июндан 31-августка чейин).

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек.mektep.edu.gov.kg порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Ата-энелерди кызыктарган суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.

10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору иштей баштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз