Суббота, 4 мая

Эми Бишкекте телефон аркылуу маршруткалардын кайда келе жатканын көрүүгө болот

0

Эми смартфон аркылуу эле Бишкектеги эл ташыган маршруткалардын кайсы жерде экенин көрүп турууга болот.

Мэрия бул кызмат «Менин шаарым» тиркемесине кошулгандыгын билдиришти. Буга чейин автобус менен троллейбустардын кайсы жерде бара жатканын билип турууга мүмкүнчүлүк жаралган. Эми мындан ары микроавтобустарды да байкап турса болот.

Микроавтобустардын кыймылы боюнча https://e-meria.kg/transport-map шилтемеге кирип билсе да болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз