Суббота, 4 мая

БУУнун азык-түлүктөрүн уурдап кетишти

0

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (WFP) тарабынан Эфиопияга жөнөтүлгөн азык-түлүк жардамдарынын уурдалганы аныкталды.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Эфиопия директору Клод Жибидар, өлкөдө чогуу иштешкен жардам уюмдарына жазган катында, WFP жардамдарынын базарларда сатылганын белгилеп, кызматын кыянаттык менен пайдалангандардын ачыкка чыгышын талап кылды.

Жибидар кээ бир базарларда ири өлчөмдөгү азык-түлүк сатуулары болгонун жана бул абалдын ишеничти жоготуу менен бирге муктаж болгондорго көбүрөөк каражат бөлүүгө коркунуч жаратканын айтты.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Жибидар катта бул кыянаттыкка каршы тез арада чара көрүү керектигин жана гуманитардык өнөктөштөрдү ар кандай кыянатчылыктар боюнча өз маалыматтарын бөлүшүүгө чакырды.

Жардамдын Тиграй провинциясындагы Шераро шаарынан уурдалганы жана 100 миң кишиге жете тургандай өлчөмдө экени айтылууда.

Тиграй жана анын айланасында жүз миңдеген адамдын жер которуусуна себеп болгон жана өткөн жылдын аягында аяктаган согуш аймакта чоң гуманитардык трагедияны жаратты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз