Пятница, 26 апреля

Экологиялык милиция өзү аңчылык кылып жүрөт (Видео)

0

Социалдык тармактарда тараган Ысык-Көл ОИИБдин туристтик — экологиялык милициянын кызматкерлери өздөрү мыйзамсыз аңчылык кылып жүрүшөт деген видео тасма боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  аталган видео тасманы Тоң районуна караштуу Кароол-Дөбө участогунун 31 жаштагы тургуну Ж.А. аттуу жарандын иниси Ж.Б. тартып, социалдык тармактарга таратканы белгилүү болгон.

“Ал эми аталган жарандын агасы Ж.А., жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан эч бир уруксат кагазы жок ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ошол аймакта аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган болчу. Аталган факты боюнча Тоң РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-(Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары аяктап, соттун кароосуна жиберилген”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз