Воскресенье, 28 апреля

«Комиссар Катани» да депутаттык үчүн ат салышат

0

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Маалыматка ылайык, Суваналиев Ленин округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга арыз берген 17-талапкер.

Суваналиев 2010-жылы убактылуу өкмөттүн коменданты болуп турган. 2019-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген.

Белгилей кетсек,  депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары кафеде болгон мушташтан улам мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз