Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталгандыгын билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 11-майда саат 05:00дө катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Жийде, Бак-Абад, Жар-Кыштак айылдарында 4 балл, Дардак айылында 3,5 балл, Кара-Суу, Таш-Булак айылдарында 3 балл, Ош облусунун Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.