АКШ Кытайдан чыккан 200 миллиард долларлык товарга салынган 10 пайыздык салык катышын 25 пайызга чыгарды. Буга каршы Кытайдын Соода министрлиги керектүү чаралар көрүлө турганын жарыялады.
Кытайдын Соода министрлиги: «Буга абдан капа болдук. Керектүү каршы чараларды көрүүгө арагасыз болобуз», деп билдирди. Ошондой эле маселелерди кызматташтык жана сүйлөшүү ыкмасы менен чечүү максат кылынганын жана бир пикирге келүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн он биринчиси уланып жатканын маалымдады.
Вашингтон менен Пекиндин ортосунда ат чаптырган эки өлкөнүн жогорку даражадагы дипломаттарынын соода сүйлөшүүлөрүнөн оңгулуктуу натыйжа чыкпай, акыркы сүйлөшүү үчүн Кытайдын вице-премьери Лю Хы жетектеген делегация Вашинго барды.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп, өткөн аптада 200 миллиард долларга тете Кытай товарына коюлган 10 пайыздык бажы салыгы 25 пайызга чыгарыла турганын жарыялап: «Кытай 10 айдан бери АКШга 50 миллиард долларлык жогорку технологиялык товарлары үчүн 25 пайыз, 200 миллиард долларлык калган товарына 10 пайыздык салык төлөөдө» — деп твиттер баракчасында жарыялаган болчу.