Суббота, 27 апреля

Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барды.

Жумуш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы 27-апрелде Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен жолугат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз