Пятница, 3 мая

Жогорку Кеңештин төрагасы Түркияга расмий иш сапары менен барды

0

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңешитин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркияга иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат.

Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов жана Айбек Осмонов бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз