Пятница, 26 апреля

Пентагон тик учактарынын учууларын токтотту

0

Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министрлиги (Пентагон) маанилүү миссиялардын тышында  аскердик тик учактардын учууларынын убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

АКШда акыркы мезгилдерде болгон аскердик тик учак кырсыктарынын айынан учуулар чектелди. Пентагон негизги миссияларды аткарбаган бардык аскердик тик учак учкучтарына кошумча билим берүү үчүн кеминде 24 саатка учууга тыюу салды.

Армияда милдетин өтөп жаткан учкучтар  1-5-май күндөрүнүн арасында кошумча билим алышат. АКШда кечээ 2 аскердик тик учактын кагылышуусу менен 3 аскер каза болду. Өткөн айда  да 2 аскердик тик учактын кагылышусунун натыйжасында 9 аскер каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз