Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы – Муфтият жыл сайын Ыйык Рамазан айында жогорку деңгээлде ооз ачарлык өткөрүп келет. Ага өлкөбүздүн ар кайсы тармактарынын жетекчилери, депутаттар, саясатчылар жана чет элдик элчилер катышышат.
Муфтият быйыл Катар фондунун демөөрчүлүгү менен уюштурулган ифтарлыкты Орозонун үчүнчү күнү, 8-майда белгилүү “Дасмия” ресторанынын “Кыргыз ордо” залында өткөрдү. Бул ирет да Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, диний ишмерлер менен саясатчылар жана мусулман өлкөлөрүнүн элчилеринин катарында Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат да чакырылган экен.
Бирок эмнегедир ооз ачарга саналуу минуталар калганда Түркиянын элчиси жайгашкан ордунан туруп, чыгып кетип калды. Ал чыгып баратып ифтарлыкты уюштурган муфтияттын кызматкерлери менен жетекчилерине нааразы болгон сөзүн айткандай болду.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ифтарлыкты уюштуруучулар бул ирет ФЕТОнун Кыргызстандагы жана Орто Азиядагы имамы Орхан Инандыны, “Сапат” мектептеринин жетекчилерин жана башка гүленчилерди да чакырышкан экен. Ал эми түрк элчиси болсо, Түркияда террордук уюм деп саналган, 2016-жылы аз жерден аскердик төңкөрүш менен бийликти кулатып коё жаздаган, ошол түнү 250дөн ашык адамды өлтүргөн Фетхуллах Гүлен тобунун Кыргызстанда жашырынып жүргөн тарапкерлери менен бир катарда отуруп ооз ачууну каалабагандыктан ордунан туруп, залдан чыгып кетти. Чындыгында душмандары менен катарлаш отуруу элчи үчүн кечиримсиз көрүнүш болмок.
Андыктан эмне үчүн ифтарлыкты уюштургандар же Муфтияттын кызматкерлери ушул жагдайды эске алышкан эмес деген суроо туулат. Бул алардын кайдыгерлигиби, түркөйлүгүбү же бүтүндөй бир боордош мамлекеттин президенти дайындаган элчини кемсинткендигиби? Балким уюштуруучулар чай берген жерге кимиси болбосун келеберсин деген түшүнүктөн өйдө көтөрүлө албагандыр? Бирок мамлекеттик кызыкчылык менен намысты, болгондо да дипломатиялык этика жана кылдаттыкты кызматтык милдет катары туу туткан Түркиянын элчисинин бул мамилеси туура эле болду деп ойлойбуз.
Ошондой эле элчи сыртка чыгып баратып Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен да сүйлөшүп, террорчулар менен бир столго отура албастыгын айткандыгы белгилүү болду. Ага муфтий коноктордун тизмесин өзү түзбөгөндүгүн жана кимдер чакырылганын билбестигин айтып актанып, элчиден кечирим сурап, кайра кирүүнү өтүнүптүр. Ошол учурда Муфтий же элчини кайра кайтара албай же эбак эле төрдөн орун алып алган гүленчилерди сыртка чыгара албай эки ортодо чайналып калгандыгы да белгилүү болду.
Эмнеси болсо да бул окуя Муфтиятта гүленчилердин бар экендиги, болгондо да ушундай саясый да мааниси бар иш чарага аралашып, манилүү маселелерди чечип жатышкандыгы көрүнүп калды. Бул окуяны гүленчилер Тышкы иштер министрибиздин Түркия сапары учурунда уюштурганы да маанилүү. Гүленчилер эки мамлекеттин ортосуна чагым таштоодо шылуун экенин далилдеп, көрсөтүп койду.
Ошол эле гүленчилер мамлекетибиздин ички саясий, экономикалык, маданий тармактарына кандай таасир этүүдө? Балким тышкы саясатты, ошол эле жандана албай жаткан кыргыз-түрк мамилесине дал ушул гүленчилер тоскоолдук жаратып жаткан жокпу? деген суроолор туулат.