Воскресенье, 19 мая

Туризмди колдоо фонду миллиондогон акчаны кымырганбы?

0

Туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголуп, кеңсеси тинтүүгө алынды. Бул туурасында УКМК төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков парламентте билдирди.

Анын айтымында, жолдун бойлоруна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган пунктуларды (Rest Point) курууда коррупциялык иштер болгон.

«28-апрелде УКМК тарабынан Туризмди колдоо фондунун кеңсеси жана жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында курулуш иштеринин документтери, Орусиянын жарандыгындагы үч паспорт, Кыргызстан жарандыгындагы бир паспорт алынган», — деди Шабданбеков.

Ал эми Калашникова тендер боюнча бир Rest Point 6,5 миллион сомго бааланып, курулганын айтты. Мамкурулуш агенттиги ошол убакта 8,3 миллион сомго баалап бергенин, учурда 14 миллион сомго бааланып атканын мисал келтирди.

«Бизде төрт айдан бери ар кандай текшерүүлөр болуп жатат. Эс алуу пунктунун өңү башкача болуп калыптыр, туура эмес шоколад коюп коюпсуңар деген сыяктуу көрсөтмөлөрдү берип жатышат. Жыйынтыгына эмес, азыркы ишине карап жатышат», — деди Калашникова.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз