Суббота, 18 мая

Ошто Индиянын жараны көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

0

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен Индия жараны кулап, каза тапты. Бул тууралуу аталган шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-май күнү саат 16:00 чамасында шаардагы ЖОЖдордун биринде медициналык факультетинин студенти Ош шаарындагы Курманжан Датка кичи районунда жайгашкан өзү убактылуу баш калкалап келе жаткан үйдүн 6-кабатынан кулаган.

Окуя болгон учурда батирде маркумдун досу болгон.

Учурда тергөө иштери башталды. Иш экспертизага өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз