Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим минситрлиги билдирет.
Билдирмеге ылайык, аталган сынакка дүйнөнүн мыкты 100 университетине академиялык окууга кабыл алынгандыгы тастыкталган жарандар катыша алат. Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин жүргүзүлөт. Мындан тышкары, документтердин оригиналын министрликтин имаратынын 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.
«Эл үмүтү» стипендиясы өткөн жылдын август айында түзүлгөн. Ал техникалык, инженердик, экономикалык жана социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантурада окуй тургандарга бөлүнөт.
Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы таланттуу жаштардын чет өлкөдөн билим алууга мотивациясын колдоо жана жогорулатуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөн.