Воскресенье, 19 мая

“Телефондук террорист” эркинен ажыратылды

0

Бишкекте телефон аркылуу «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилгенин УКМК кабарлады.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 3-февралында саат 06:21де 112 нөөмөт кызматына, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес.
Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси “Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү” боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, КР 27.08.1982-ж.т. Н.А.А. аттуу жараны аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз