Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда, Цзинань шаарына келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын маалыматына караганда, бул жакта президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жыйынтыктоочу иш-чаралар, анын ичинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт.