Понедельник, 6 мая

Украинада Орусиянын Су-35 учагы кулады

0

Украинанын Башкы штабы Орусиянын Су-35 учагы кечээ өлкөнүн Херсон облусунун аймактык сууларына кулаганын билдирди.

Президенттиктин социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта Орусиянын кечээ кечинде Украинанын Днепр шаарындагы аскерий жана инфраструктуралык объектилерге учкучсуз учуучу аппарат (УУA) жана ракеталык чабуул жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салуулардын ар кандай типтеги 16 ракета жана 20 Шахид-136/131 учкучсуз учуучу аппараты менен жасалганы, 4 канаттуу ракета жана учкучсуз учуучу аппараттардын баары тең жок кылынганы белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле: «Күндүн аягында Орусиянын Су-35 учагы Херсон аймагында Украинанын аймактык сууларына кулады. Учактын кыйрашынын себептери иликтенип жатат»,делди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз