Пятница, 26 апреля

Бишкектеги кырсыкта жүргүнчүлөр терезеден ыргып кетти (Видео)

0

Милициянын кайгуул кызматы билдиригендей, жол кырсык Тыналев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40та болгон. №135 каттамдын (Mercedes-Benz Sprinter) унаасы Масалиев көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй жатып, солго кайрылып жатканда, аны Hyundai Sonata унаасы сүзгөн. Анын айынан кичи автобуста келе жаткан үч жүргүнчү жана Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жабыркаган.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, эки унаа кагылышканда Mercedes-Benz Sprinter унаасында келе жаткан үч жүргүнчү терезеден сыртка ыргып кеткен.

Видео: Кичи автобустан жургунчулор ыргыды

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз