Четверг, 25 апреля

Жапаров: Жаман адатыңарды таштагыла

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды көнүп калган адаттарынан арылууга чакырды.

Ал кечээ Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүү шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөнүн маалымат кызматы билдирди. Анда өкмөт башчы коомчулукту планетанын ресурстарын үнөмдүү колдонууга үндөгөн.

Ошондой эле ал элди коомдук транспортту колдонууга чакырып, «биздин келечегибиз климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардан көз каранды» деп белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз