Суббота, 27 июля

Пашинян Армения ЖККУдан качан чыгаарын айтты

0

Армениянын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгуу маселеси күн тартибинен алынбагандыгын премьер-министр Никол Пашинян дүйшөмбүдө болгон маалымат жыйында билдирди.

Пашинян эгерде уюм өзүнүн алган милдеттенмелерин аткарууда өлкөдөн чыгып кеткенин түшүнсө, Армения ЖККУдан де-юре чыгарын белгилеген. Эгерде ЖККУ мүчөсү макамы башка өлкөлөр менен коопсуздук жаатындагы маселелерди талкуулоого тоскоолдук жаратса, мындай чечимдин кабыл алынышы мүмкүндүгү айтылган.

Өкмөт башчынын пикиринде, ЖККУга мүчөлүк Ереванга башка, үчүнчү жактардан, өлкөлөрдөн курал алуу маселесин талкуулоого жолтоо болууда.

“Бизге силер ЖККУга мүчөсүңөр, силер менен эмнени талкуулоого болот деп айтышты», — деген Пашинян.

“Бизге силер ЖККУга мүчөсүңөр, силер менен эмнени талкуулоого болот деп айтышты», — деген Пашинян.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз