Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун отставкага кеткенин билдирди.
Идрис Кадыркуловдун отставкага кетүүсүнө биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгондугу маалымдалды. УКМКнын бул окуя тууралуу берген расмий маалыматында, айыпталып жаткандар тууралуу жетишээрлик далилдер бар экенин кабарлаган.
Идрис Кадыркулов: «коомчулукта бул маселе бир тараптуу талкууланып, тергөөгө менин таасир эткенимди айтып жатышат. Мындай туура эмес пикирлердин пайда болушунан улам кызматтан кетүүнү чечтим» — деп айткандыгы билдирилди маалыматта.
Эскерте кетсек, Идрис Кадыркулов 2018-жылдын 20-апрелинде УКМКнын төрагасы болуп дайындалган болчу.